Abstract
<jats:p>Бул макалада азыркы билим берүүнүн эң актуалдуу маселелеринин бири – жасалма интеллект (ЖИ) технологиялары аркылуу окутууну жекечелештирүү маселеси каралат. Салттуу билим берүүдөгү «бирдиктүү стандарт» проблемасы талданып, ар бир окуучунун өзгөчөлүктөрүнө ылайыкталган адаптивдүү программалардын натыйжалуулугу изилденет. Математика жана информатика предметтерин камтыган пилоттук изилдөөдө (60 окуучу, 12 жума) ЖИ аркылуу окутуу 56% өсүм бергени, ал эми салттуу ыкма менен 17% гана экени аныкталды. Изилдөө ЖИге негизделген адаптивдик платформалар окуучулардын мотивациясын жогорулатып, билимди өздөштүрүүнүн сапатын орточо 30%га чейин жакшыртаарын далилдейт. Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына ЖИ технологияларын колдонуунун практикалык сунуштары берилет.</jats:p>