Abstract
<jats:p>Бул макалада спорттук туризмдин өнүгүү тенденциялары, анын негизги өзгөчөлүктөрү жана социалдык-экономикалык мааниси талдоого алынган. Изилдөөдө спорттук туризмдин түрлөрү, анын ичинде тоо туризми, экологиялык туризм, ат туризми, суудагы жана экстремалдык туризм багыттары каралган. Ошондой эле Ош облусунун спорттук туризмди өнүктүрүүгө болгон табигый жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү иликтенген. Аймактагы спорттук туристтик маршруттардын, альпинизм жана трекинг үчүн ыңгайлуу шарттардын, ошондой эле эл аралык мелдештерге катышуунун тажрыйбасы мисал катары келтирилген. Изилдөөдө спорттук туризмдин экономикалык, социалдык жана маданий таасири өзгөчө баса белгиленет. Бул тармактын өнүгүшү жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана маданий байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү көрсөтүлгөн. Ошону менен бирге, экологиялык туруктуулукту сактоо жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине да көңүл бурулган. Жалпысынан, макала спорттук туризмди Ош облусунда туруктуу өнүктүрүүнүн перспективаларын илимий жактан негиздөөгө багытталган.</jats:p>