Abstract
<jats:p>Бул макалада Кыргыз Республикасынын сейсмикалык кооптуу зоналарын жана аларга чектеш аймактарды веб-тиркемелер аркылуу анализдөө маселеси каралат. Кыргызстан географиялык жайгашуусуна байланыштуу сейсмикалык жактан активдүү аймактардын бири болуп саналат. Ошондуктан жер титирөө коркунучу бар зоналар тууралуу маалыматтарды талдоо жана калкка жеткирүү маанилүү болуп эсептелет. Сейсмикалык кооптуу аймактар жөнүндө маалыматтарды топтоо, аларды веб-технологиялардын жардамы менен иштеп чыгуу жана визуализациялоо жолдору каралган. Ошондой эле веб-тиркемелерди колдонуу аркылуу сейсмикалык маалыматтарды картада көрсөтүү, анализ жүргүзүү жана колдонуучуларга ыңгайлуу форматта сунуштоо мүмкүнчүлүктөрү баяндалат. Изилдөөнүн жыйынтыгында веб-технологияларды колдонуу сейсмикалык кооптуу зоналар жөнүндө маалыматтарды жеткиликтүү жана түшүнүктүү түрдө берүүдө натыйжалуу инструмент болуп саналары аныкталат. Актуалдуулугу – өлкөнүн жогорку сейсмикалык коркунучтуу аймакта жайгашканы. Көйгөй – мониторинг тутумунун жетишсиздиги. Максаты – негизги кооптуу зоналарды аныктоо жана коркунучту баалоо. Колдонулган ыкмалар: салыштырма-геологиялык, статистикалык, картографиялык. Натыйжалар: Алай-Чоң-Алай, Жалал-Абад, Ысык-Көл зоналары эң активдүү; 2008-жылдан жаңы сейсмикалык мезгил башталган. Корутунду: мониторингди күчөтүү, курулуш нормаларын катуулатуу зарыл.</jats:p>