Abstract
<jats:p>Бул макалада 1920-жылдардын аягы жана 1930-жылдардын башындагы Кыргызстандагы агрардык саясаттын маанилүү жана талаштуу маселелеринин бири – кулактарды тап катары жоюу процесси каралат. Изилдөөдө советтик бийликтин коллективдештирүү саясатынын максаттары, аны ишке ашыруунун механизмдери жана жергиликтүү шарттарды жетиштүү эске албаган административдик чаралар талданат. Ошондой эле кулакка каршы жүргүзүлгөн кампаниянын айыл чарбасына, салттуу чарба түзүлүшүнө жана айыл калкынын социалдык абалына тийгизген таасири көрсөтүлөт. Архивдик материалдардын, тарыхый булактардын жана илимий адабияттардын негизинде бул саясаттын аймактагы социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө алып келген кесепеттери илимий жактан бааланат. Макала тарыхый процесстерди жаңы көз караштан түшүндүрүүгө аракет кылат.</jats:p>