Abstract
<jats:p>Макалада химия предметин окутууда студенттердин мотивациясын жана окуу процессине кызыгуусун арттырууга багытталган интерактивдүү окутуу ыкмалары каралат. Проблемалык окутуу, чакан топтордо иштөө, оюндар жана БББ-усулу сыяктуу ыкмалардын артыкчылыктары талданган. Татаал химиялык концепцияларды түшүнүүнү жакшыртууга мүмкүндүк берген виртуалдык мобилдик тиркемелер жана онлайн платформалар сыяктуу технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Интерактивдүү методдор аркылуу ой жүгүртүү, маселелерди чечүү жана өз алдынча иштөө көндүмдөрүн калыптандыруудагы натыйжалуулугун тастыктаган изилдөөлөрдүн натыйжалары келтирилген. Химия боюнча билим берүү сапатын жогорулатуу жана адистерди даярдоо үчүн интерактивдүү ыкмаларды окуу программаларына интеграциялоонун зарылдыгы жөнүндө жыйынтык чыгаруу мумкун.</jats:p>