Abstract
<jats:p> Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын идеологиялык пайдубалы гуманисттик жана универсалдуу баалуулуктарга терең сиңген. Илимий макалада дүйнөлүк масштабдагы жазуучунун чыгармачылыгынын идеялык-тематикалык жана эстетикалык тереңдиги талданат. Ч.Айтматовдун чыгармаларынын идеялык-тематикалык мазмуну ЖОЖдордо учурда кыргыз тилин окутууда тексттик каражат катары пайдаланууга кеңири мүмкүнчүлүк берет. Жазуучунун чыгармаларында адамдын жан дүйнөсүнүн өзгөрүшү ар дайым маданий айырмачылыктарга жана улуттук иденттүүлүккө карабастан, адамзаттык жалпы мүнөздөмөлөргө ээ экендигин сынчылар, адабиятчылар белгилешет. Анын чыгармачылыгындагы терең адеп-ахлактык жана социалдык ишенимдеринин чагылдырылышын, адамзат үчүн сабактардын маанилүү булактарын ар тараптан изилдөө бүгүнкү учурда да маанилүү болуп саналат.</jats:p>