Back to Search View Original Cite This Article

Abstract

<jats:p>макалада Түгөлбай Сыдыкбековдун “Боз торгой” чыгармасын башталгыч класстарда инновациялык жана STEM технологияларына таянып окутуунун мүмкүнчүлүктөрү жана методикалык өзгөчөлүктөрү кеңири каралат. Заманбап билим берүүдө көркөм текстти интегративдүү, окутуунун предметтик чегинен чыгарып талдоонун зарылдыгы белгиленип, изилдөөдө STEM технологиясынын компоненттери чыгарманы талдоого интеграцияланып, окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, табият кубулуштарын илимий түшүндүрүү жөндөмүн, инженердик моделдөө көндүмдөрүн жана логикалык ойлоосун өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү ачып берилет. Чыгармада табият кубулуштары, жаныбарлардын жашоо аракеттери, коркунуч жана коргонуу инстинкти сыяктуу образдар окуучулардын илимий байкоосун, логикалык ой жүгүртүүсүн, эмоциялык кабыл алуусун жана чыгармачыл потенциалын өнүктүрүүгө кантип шарт түзөрү негизделет. “Боз торгой” чыгармасынын мазмундук өзгөчөлүктөрү табият жана жаныбарлар дүйнөсү менен тыгыз байланышта болгондуктан, аны STEM ыкмалары аркылуу талдоо окуучуларга окуяны терең аңдап-түшүнүүгө, эмоциялык кабыл алуусун күчөтүүгө жана боорукердик сыяктуу адамдык сапаттарды калыптандырууга өбөлгө түзөрү да  көрсөтүлгөн. Ошондой эле мини-мультфильм түзүү, эмоция карталары, инженердик модель жасоо сыяктуу инновациялык ыкмалардын практикалык мааниси жана педагогикалык натыйжалуулугу да талданып, башталгыч билим берүүнүн азыркы талаптарына шайкеш келери негизделет. Изилдөөнүн жыйынтыгында STEM технологиясы көркөм текстти окутууда интегративдүү, натыйжалуу жана заманбап мамиле экендиги, ал окуучуларда комплекстүү компетенциялардын калыптанышына өбөлгө түзөрү аныкталды.</jats:p>

Show More

Keywords

жана stem табият сыяктуу түзөрү

Related Articles

PORE

About

Connect