Abstract
<jats:p>Бул макалада заманбап билим берүү процессине жасалма интеллект (ЖИ) технологияларынын интеграцияланышы жана анын окуучулардын таанып-билүү (когнитивдик) активдүүлүгүнө тийгизген таасири каралат. Изилдөөнүн негизи - ЖИ куралдарынын жеткиликтүүлүгү окуучуларда интеллектуалдык күч жумшоодон качуу, башкача айтканда, «когнитивдик жалкоолук» феноменин кандайча пайда кыларына багытталган. ЖИнин маалыматты тез иштеп чыгуудагы артыкчылыктары менен бирге, окуучунун сын көз караш менен ой жүгүртүүсү, аналитикалык жөндөмү жана чыгармачылык потенциалынын төмөндөө тобокелдиктери талданат [3]. Автор «интеллектуалдык аутсорсинг» түшүнүгүнө токтолуп, окуучулар татаал тапшырмаларды өз алдынча аткаруунун ордуна алгоритмдерге таянуусунун психологиялык жана педагогикалык кесепеттерин ачып берет. Когнитивдик жалкоолукту алдын алуу үчүн билим берүү методикасын трансформациялоо, тапшырмалардын форматын өзгөртүү жана ЖИни жооп алуу куралы эмес, когнитивдик стимулятор катары колдонуу боюнча практикалык сунуштар берилет.</jats:p>