Back to Search View Original Cite This Article

Abstract

<jats:p>Бул изилдөө иши окутуу каражаттарынын негизинде башталгыч класстын окуучуларынын көркөм чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү маселесине арналган. Макалада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурастарын башталгыч мектептин билим берүү процессине интеграциялоонун илимий-методикалык негиздери каралат. Автор окуучуларга терең эстетикалык жана адеп-ахлактык тарбия берүүдө адабий окуу менен музыка сабактарын айкалыштыруунун натыйжалуулугун негиздейт. Макалада Айтматовдун чыгармаларындагы идеяларды музыкалык образдар жана көркөм сөз аркылуу ачууга мүмкүндүк берүүчү педагогикалык ыкмалар талданат. Башталгыч класс окуучуларынын улуттук аң-сезимин жана эмоционалдык интеллектин калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулат. Бул эки сабактын интеграциясы баланын инсандык сапатын өнүктүрүүгө жана классикалык адабиятты окууга болгон кызыгуусун арттырууга багытталган ыкма катары каралат. Изилдөөдө теориялык талдоо,байкоо жүргүзүү, салыштырмалуу анализ ыкмалары колдонулду. Изилдөөнүн жыйынтыгында сабактын максатына ылайык интеграциялоо окучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүнүн өсүшүнө оң таасири тийгизери далилденди.</jats:p>

Show More

Keywords

жана чыгармачылык Бул башталгыч окуучуларынын

Related Articles

PORE

About

Connect