Deprecated: Function curl_close() is deprecated since 8.5, as it has no effect since PHP 8.0 in /home/u483256323/domains/poorvam.com/public_html/subdomains/pore/includes/api.php on line 184
Abstract
<jats:p>Учурда ЖОЖдордо студенттерде академиялык жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу көйгөйү жаралууда. Бир кесипке багытталып окуп жаткан студент илимий чөйрөдө оюн так, логикалык байланышта берүүгө тийиш. Аны үчүн академиялык текстти анализдөө жана жаза билүү билим, билгичтик, көндүмдөрү калыптандырылууга тийиш. Макаладагы иликтөөнүн максаты – академиялык тексттин түзүлүшүн анализдөө жана жазуу көндүмдөрүн калыптандырууда колдонулуучу усулдук ыкмалардын натыйжалуулугун аныктоо. Изилдөөнүн натыйжалары эксперимент методунун негизинде чыгарылды. Тактап айтканда сдуденттердин академиялык жазуу боюнча билим, билгичтик, көндүмдөрүн калыптандырууда пайдаланылган усулдук ыкмалар төмөнкүдөй натыйжасын бере алат: Академиялык текст боюнча билимге ээ болуу менен анын өзгөчөлүктөрүн аныктоо; Тексттин идеясын, структуралык түзүлүшүн аныктоо: киришүү бөлүмүндөгү сүйлөмдөрдү, алар туюнткан ойду аныктоо; негизги бөлүктөгү далил-фактыларды пайдалана билүү, алардын ырааттуулугуна, логикалуулугуна баа берүү; абзацтардагы сүйлөмдөрдүн курулушу жана аларда берилген ойлорду аныктоо; корутунду чыгара билүү; академиялык текст жазууга багыт алуу. Жыйынтыктап айтканда, бир сабакта колдонулган усулдук ыкмалар студенттердин илимий багытта ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө мүмкүндүк түзө алат. Кийинки сабактарда бул багытта ишти улантуу аркылуу көндүмдөр калыптандырылат.</jats:p>