Abstract
<jats:p>Мектепке чейинки билим берүүдө жөнөкөй математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу балдарда келечекте математикалык билим алуусуна негиз болору каралды. «Билим берүү жөнүндө» мыйзамда «… жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктардын гармониялуу системасын калыптандырууга багытталары…» жөнүндө айтылганы белгиленди. Ага ылайык, адегенде, мектепке чейинки улуу тайпа курагындагы балдарга жөнөкөй математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруунун мазмуну, андан кийин ошол эле жөнөкөй математикалык түшүнүктөрдүн кыргыз этно маданий салттарын айкалыштыруу менен калыптандыруунун мазмуну түзүлдү жана максаты каралды. Мында «Сан жана саноо» бөлүмүнө кеӊири токтолдук. Улуттук регионалдык компонентте: Кыргыз тилинде 1ден 10го чейин саноого үйрөтүү: 5тен 10го чейинки ар бир сандын пайда болуусун удаасы менен тааныштыруу; 10 ичиндеги жанаша турган сандарды конкреттүү көптүктөрдү салыштыруунун негизинде үйрөтүү; барабарсыздыктан барабардыкты (жана тескерисинче) алууга үйрөтүү: кичине санга бир чүкөнү кошуу же чоң сандан бир чүкөнү алып салуу аркылуу; сандарды барабарлоо; чүкөлөрдү үлгү боюнча же берилген санга (10 чегинде) ылайык, чоң топтон бөлүп саноого үйрөтүү ж.б. кыргыз тилинде сандар жана башка математикалык түшүнүктөр айтылган ырлар, табышмактар, санак ырлары, макал-лакаптар, учкул сөздөр, оюндар, жаӊылмачтар жана жомоктор ж.б. менен тааныштыруу каралды.</jats:p>