Back to Search View Original Cite This Article

Abstract

<jats:p>Бул макалада башталгыч класстын окуучуларынын кеп маданиятын интерактивдүү технологияларды колдонуу аркылуу калыптандыруунун актуалдуулугу каралат. Заманбап билим берүү шартында окуучулардын тилдик жана коммуникативдик көндүмдөрүн өнүктүрүү негизги милдеттердин бири болуп саналат. Изилдөөнүн предмети — кыргыз тили сабагында окуучулардын кеп маданиятын өнүктүрүү процесси. Макаланын максаты — лексикалык, грамматикалык, коммуникативдик жана этикеттик компоненттерди интерактивдүү ыкмалар аркылуу калыптандыруунун натыйжалуулугун аныктоо. Изилдөөдө смарт такта, мультимедиялык презентациялар, видеоматериалдар, ролдук оюндар жана диалогдук тапшырмалар колдонулду. Эксперименталдык иш 2–3-класстын окуучулары арасында жүргүзүлүп, алынган жыйынтыктар контролдук топ менен салыштырылды. Натыйжада окуучулардын сөз байлыгы кеңейип, грамматикалык жактан туура сүйлөө деңгээли жогорулап, диалог жүргүзүү жана сабакка катышуу активдүүлүгү арткандыгы аныкталды. Ошондой эле сылык сүйлөө көндүмдөрүнүн калыптана баштаганы байкалган. Изилдөө интерактивдүү технологиялардын билим берүү процессиндеги маанисин далилдейт.</jats:p>

Show More

Keywords

жана интерактивдүү окуучулардын кеп маданиятын

Related Articles

PORE

About

Connect