Deprecated: Function curl_close() is deprecated since 8.5, as it has no effect since PHP 8.0 in /home/u483256323/domains/poorvam.com/public_html/subdomains/pore/includes/api.php on line 184
Back to Search View Original Cite This Article

Abstract

<jats:p xml:lang="ky">Кыргыз популяциясындагы топоздордун бийик тоолуу жайыттардын шарттарындагы иерархиялык мамилелери визуалдык байкоолорду жүргүзүү менен изилденди. Изилдөө объектиси катары ар кандай курактагы 60 баштан турган кыргыз популяциясындагы топоздордун үйүрү алынды. Топоздор жайытта күнү-түнү болушуп, эркин оттошуп, сууну каалаган убагында ичишип, колдон болгону аш туз алып турушту. Топоздордун үйүрүндөгү иерархиялык даражалар «туз берүү процесси» колдонулуп аныкталды. Жүрүш-туруш иерархиясын аныктоодо ар бир топоз үчүн ийгилик көрсөткүчү катары орун которуштуруу индекси эсептелип (иерархия индекси, ИИ), үч категорияга бөлүндү: төмөн, орточо жана жогорку. Топоз үйүрүндөгү абсолюттук басымдуулукка бука топоздор ээ болушту (ИИ=0,80–1,0, n=5). Бука топоздордун арасында дагы ирилери жана мүйүздүүлөрү артыкчылыкка ээ экендиги байкалды (ИИ=1,0, n=2). Бука топоздордон кийинки басымдуулук рангын инек топоздор ээлешкени менен, алардын арасында дагы ирилери жана мүйүздүүлөрү артыкчылыкка ээ болушса, жаш жана орточо салмактагы инек топоздор алардан кийинки рангды ээлегендиги ортого чыкты (ИИ=0,67–0,80, n=12). Бул топтогу топоздордон кийинки иерархиялык тепкичти мамалактар ээлешсе, ал эми эң акыркы иерархиялык рангда 6 айга чейинки мамалактуу инек топоздор жайланышаары такталды (ИИ=0,34–0,66 (n=27). Ал эми мамалактары бир айга чейинки курактагы инек топоздор мамалактары менен үйүрдөн бир аз окчундап жүрүшкөнү байкалды (ИИ=0,0–0,33 (n =8). Алынган материалдар топоздордун бийик тоолуу жайыт шарттарында кунардуулугун оптималдаштыруу, бакубаттуулугун жакшыртуу жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу үчүн колдонууга сунушталат.</jats:p>

Show More

Keywords

жана топоздор топоздордун иерархиялык инек

Related Articles


Deprecated: Function curl_close() is deprecated since 8.5, as it has no effect since PHP 8.0 in /home/u483256323/domains/poorvam.com/public_html/subdomains/pore/includes/api.php on line 76
PORE

About

Connect