Back to Search View Original Cite This Article

Abstract

<jats:p>Белгилүү мажар чыгыш таануучусу Карой Сеглединин (1914-1996) карлук урууларынын аттары жана курамы боюнча макаласы 1949-жылы  “Magyar Nyelv” (Мажар тили) журналында жарык көргөн. Бирок кыргыз тарых илиминде жана тил багытындагы изилдөөлөрдө аталган макала изилдөөчүлөрдүн көз жаздымында калып келет. Бул мүчүлүштүктү толуктоо жана жалпы эле окурмандар үчүн макала кыргыз тилине которулду. Цегледи кытай жана араб жазма булактарын салыштырып талдап, карлук этнонимдерин, алардын ар кыл салттардагы ар кандай берилиштерин, орто кылымдар жылнаамаларында колдонулушун изилдейт. Айрыкча айрым урууларды аныктоого, алардын Борбордук Азиянын этносаясий түзүлүшүндөгү ээлеген ордуна, алгачкы орто кылымдардагы тарыхый процесстердеги карлуктардын ролуна өзгөчө көңүл бурулат. Бул котормо кыргыз илимине маанилүү тарыхнаама материалды киргизип, карлуктардын тарыхын жана этникалык курамын тереңирээк изилдөөгө шарт түзөт. Макаланын аягында изилдөөчүлөргө ыңгайлуу болуусу үчүн пайдаланылган адабияттардын толук тизмеси берилди (макаланын түп нускасында берилген эмес).</jats:p>

Show More

Keywords

жана кыргыз карлук макала Бул

Related Articles

PORE

About

Connect