Back to Search View Original Cite This Article

Abstract

<jats:p>“Манас” эпосу XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап илим дүйнөсүндө изилдене баштаган. Орусиялык окумуштуулардан тарта европалык илим изилдөөчүлөрдүн кызыгуусун арттырган эпос, XX кылымдын башында дүйнө окумуштууларына белгилүү болуп калган. Ушул мезгилде башкыр окумуштуусу Абдулкадир Инан да Орто Азия элдеринин фольклоруна кызыгып, изилдей баштаган. Кеңеш бийлигинин куугунтуктоосуна кабылган Инан алгач Иран, Индия аркылуу Европага, ал жактан 1925-жылы Түркияга качып барган. Дал ушул мезгилде жаңы эле түптөлгөн Түркия Республикасында илимий институттар, уюмдар, окуу жайлар курула баштайт. Абдулкадир Инан бул жараяндарга активдүү катышып, түрк элдеринин фольклорун изилдеп, түрк коомчулугуна жеткире баштаган. Анын ичинде “Манас” эпосуна өзгөчө токтолгон. Ал 1930-жылдары “Манас” эпосу тууралуу колуна тийген материалдардын негизинде бир нече макалаларды жарыялаган. 1972-жылы Сагынбай Орозбаковдун вариантынынын негизинде кара сөз түрүндө түркчөгө которгон. Инан Түркияда биринчилерден болуп “Манас” эпосу тууралуу илимий эмгектерди жарыялаган окумуштуу болуп саналат. Түрк коомчулугу Инан аркылуу Манасты тааныган.</jats:p>

Show More

Keywords

Инан Манас эпосу баштаган болуп

Related Articles

PORE

About

Connect