Deprecated: Function curl_close() is deprecated since 8.5, as it has no effect since PHP 8.0 in /home/u483256323/domains/poorvam.com/public_html/subdomains/pore/includes/api.php on line 184
Abstract
<jats:p>Маанилүүлүк. Бул изилдөө кыргыз тилин экинчи тил катары баштапкы деңгээлдерде (А1–А2) окутуунун методикасына, салыштырма (контрастивдик) ыкманы колдонууга арналган. Иштин актуалдуулугу Кыргызстандын билим берүү мекемелерине мүнөздүү көп тилдүү чөйрөдө мамлекеттик тилди окутуунун натыйжалуу ыкмаларына болгон муктаждыктын өсүшү менен шартталат. Өзгөчө көңүл эне тили орус же башка тил болгон үйрөнүүчүлөргө бурулуп, бул тил аралык интерференцияны жана типологиялык айырмачылыктарды эске алууну талап кылат. Изилдөөнүн максаты тил системаларын салыштырма талдоонун негизинде А1–А2 деңгээлдеринде кыргыз тилин окутуунун натыйжалуу моделин иштеп чыгуу жана негиздөө. Иште кыргыз тилинин фонетикалык, лексикалык жана грамматикалык өзгөчөлүктөрү орус тили менен салыштырылып каралып, үйрөнүүчүлөрдө пайда болгон типтүү кыйынчылыктар аныкталып, аларды жоюунун жолдору сунушталат. Изилдөөнүн алкагында илимий адабияттарды талдоо, тилдик көрүнүштөрдү салыштырма талдоо, педагогикалык байкоо жана окутуунун практикалык тажрыйбасын жалпылоо ыкмалары колдонулду. Изилдөөнүн жыйынтыгында тилдик түзүлүштөрдү салыштырууга таянган, негизги сүйлөө көндүмдөрүн (угуп түшүнүү, сүйлөө, окуу жана жазуу) калыптандырууга багытталган көнүгүүлөр жана тапшырмалар системасы сунушталды.</jats:p>