Deprecated: Function curl_close() is deprecated since 8.5, as it has no effect since PHP 8.0 in /home/u483256323/domains/poorvam.com/public_html/subdomains/pore/includes/api.php on line 184
Back to Search View Original Cite This Article

Abstract

<jats:p>Актуальность. Макала Фергана өрөөнүнүн чек аралаш аймактарында жашаган калктын психологиялык билимдерге болгон маалыматтык муктаждыктарын изилдөөгө арналган. Иштин актуалдуулугу аймактын жогорку стрессогендүүлүгү, профессионалдык психологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн төмөндүгү жана жергиликтүү социомаданий өзгөчөлүктөргө ылайыкташтырылган, эмпирикалык жактан негизделген психологиялык агартуу стратегияларынын жоктугу менен шартталган. Изилдөөнүн теориялык базасын стресс жана копинг концепциялары, социалдык үйрөнүү теориясы, маданий-тарыхый психология жана психологиялык сабаттуулукту изилдөөнүн заманбап ыкмалары түзөт. Эмпирикалык бөлүгү Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан 302 респондентти кыргыз жана орус тилдеринде сурамжылоого жана алынган маалыматтарды сандык жана сапаттык талдоого негизделген. Биринчи жолу ушул аймак үчүн актуалдуу психологиялык темалардын иерархиясы аныкталып, анда стресс-менеджмент, эмоцияларды жөнгө салуу жана психологиялык чек араларды калыптандыруу темалары үстөмдүк кылаары белгиленген. Маалымат алуунун артыкчылыктуу форматтары (кыска видео, подкасттар, интерактивдүү курстар) жана булактарга ишенимдин негизги критерийлери (илимий негиздүүлүк, автордун академиялык аффилиациясы, практикалык мисалдардын болушу) аныкталган. Изилдөөнүн жаңылыгы – чек аралаш аймактын өзгөчө шарттарында психологиялык билимге болгон сурамды комплекстүү талдоо жана андан кийин максаттуу аудиториялардын тилдик, маданий жана форматтык-каналдык өзгөчөлүктөрүн эске алган психологиялык агартуу моделинин иштелип чыгышы.</jats:p>

Show More

Keywords

жана психологиялык чек аралаш болгон

Related Articles


Deprecated: Function curl_close() is deprecated since 8.5, as it has no effect since PHP 8.0 in /home/u483256323/domains/poorvam.com/public_html/subdomains/pore/includes/api.php on line 76
PORE

About

Connect