Deprecated: Function curl_close() is deprecated since 8.5, as it has no effect since PHP 8.0 in /home/u483256323/domains/poorvam.com/public_html/subdomains/pore/includes/api.php on line 184
Abstract
<jats:p>Маанилүүлүк. 1924-жылы кыргыз совет мамлекеттүүлүгү негизделген соң эне тилде улуттук басма сөздү түзүү зарылчылыгы жаралган. 1924-жылдын 7-ноябрда “Эркин-Тоо” газетасынын жарык көрүшү Кыргызстандын коомдук-саясий жана маданий жашоосунда орчундуу окуя болгон. “Эркин-Тоо” газетасынын аталышы 1927-жылдын август “Кызыл Кыргызстан” болуп өзгөртүлгөн. “Эркин-Тоо” гезитинин уникалдуулугу бир эле басылмада үч түрдүү алфавит колдонулган. Алгач араб арибинде кыргыз тилинде жарыяланган гезит, 1930-жылдан тартып толук латын арибинде жарык көрө баштайт, ал эми 1940-жж. башында кирилл арибине өткөн. Газета совет бийлигин бекемдөөдө, социалисттик экономиканы жана маданиятты жайылтууда, калктын басымдуу бөлүгүнүн сабатсыздыгын жоюуда маанилүү каражат катары пайдаланылган. «Эркин-Тоо» республикада журналистиканын жана кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө да чоң салым кошкон. Макалада 1924-1940-жж. аралыгындагы “Эркин-Тоо” газетасынын коомдогу орду каралат.</jats:p>