Abstract
<jats:p>Илим чөйрөсүндө 1703-жылы Минусин өрөөнүнөн Жунгар хандыгынын ички аймагына көчүрүлгөн енисейлик кыргыздардын кийинки тагдыры тууралуу, кеңири маалыматтардын жетишсиздигинен улам, так тыянак чыгарылган эмес. Бул макалада Цин доорунун манжурча архивдик документтерине таянып, енисейлик кыргыздардын кийинки тагдыры кандай болгондугун аныктоого аракет жасалат. Т.а. Жунгар хандыгы кулап жаткан мезгилде, Цин доорунун булактарында ойроттордун бир уруусу катары жазылып калган енисейлик кыргыздардын Цин армиясы тарабынан кантип дээрлик жок кылынгандыгы, жана азганакай тобу Маньчжурияга көчүрүлгөндүгү, анын себептери жана окуянын жүрүшү тууралуу архивдик булактардагы маалыматтардын негизинде изилдөө жүргүзүлөт.</jats:p>
Show More
Keywords
енисейлик
кыргыздардын
Цин
Жунгар
кийинки
PORE