Back to Search View Original Cite This Article

Abstract

<jats:p>Аталган макалада Мухтар Борбугуловдун “Манас” эпосунун генезисине байланышкан маселеге карата гипотезалары берилет. Аны изилдөөдө түрк тилдүү элдердин жана дүйнө элдеринин фольклорунун контекстинен салыштырып талдоого аракет кылган. Башкача айтканда ал өзүнө чейинки окумуштуулардын көз караштарын салыштырып, алардын негизинде өзүнүн илимий жыйынтыгын чыгарган Бул – анын изилдөөлөрүнүн күчтүү жагы, анткени ал «Манас» эпосун дүйнөлүк эпикалык мурастын контекстинде караган. “Манас” эпосунун келип чыгышына байланышкан бир топ изилдөөлөр ар түрдүү аспектиде жана ар түрдүү көз караштан каралгандыгына карабастан Мухтар Борбугулов дагы башка ракустан карагандыгы белгиленип, илимий изилдөөлөрүнө талдоо жүргүзүлдү. Эмгекте эпостогу каармандардын образы көөнө түшүнүктөрдөн тартып, бүгүнкү күнгө чейинки изилдениш абалы эволюциялык планда салыштырылып изилденген. Ошондой эле, эпостордон конкреттүү мисалдар келтирилип, окшош деталдарга, сюжеттик окшоштуктарга кайрылгандыгы белгиленди. М. Борбугулов эпостун келип чыгышын мифологиялык негиздер менен байланыштырган, айрыкча ал Манастын образын космостук, мифтик түшүнүктөр менен (Күн, Ай символдору) байланыштырып, Манас – же Күн менен Айдын өзү, же алардын туундусу деген идеяны карманган. Ал эпосту жөн гана тарыхый чыгарма катары эмес, байыркы дүйнө таанымдын, мифологиянын жана көркөм ой жүгүртүүнүн жыйынтыгы катары кароого чоң салым кошкон.</jats:p>

Show More

Keywords

Манас жана ал менен Мухтар

Related Articles

PORE

About

Connect