Abstract
<jats:p>Бул макалада вейвлет өзгөртүүлөрүн жана терең окутуу ыкмаларын колдонуу менен өсүмдүк ооруларын классификациялоо үчүн моделдер (PlantVillage) каралган. Өсүмдүктөрдү классификациялоо үчүн вейвлет трансформациялары бар конволюциялык нейрон тармагынын (Convolutional Neural Network (CNN) – Сверточная нейронная сеть) моделдери тургузулган. Өсүмдүктөрдү натыйжалуу коргоо үчүн абдан маанилүү болгон өсүмдүк жалбырактарынын ооруларын классификациялоо үчүн моделдер тургузулган. Натыйжалуу ыкмалар жана конволюциялык нейрон тармактары (CNN) тургузулган. Бул иштин негизги жетишкендиги - терең окутуу ыкмаларын WaveletFusion өзгөртүүлөрү менен интеграциялоо. Терең окутуу алкагында моделдөөнүн жаңы ыкмасы моделдердин тактыгын жогорулатуу үчүн ар кандай атайын активдештирүү функцияларын колдонулат. Сунушталган технология нейрондук моделдөөнүн которуу менен окутуусуна негизделген коддоочу-декоддоочу архитектурада стационардык вейвлет өзгөртүүлөрүнүн (Stationary Wavelet Transform (SWT) – Стационарное вейвлет-преобразование), дискреттик вейвлет өзгөртүүлөрүнүн (Discrete Wavelet Transform (DWT) – дискретное вейвлет-преобразование) жана боз түстөгү сүрөттөрдүн канал боюнча конкатенациясын бириктирет.</jats:p>