Abstract
<jats:p>Макалада сингулярдык козголон биринчи тартиптеги сызыктуу, бир тектүү эмес кадимки дифференциалдык теңдемелердин системасы үчүн эки чекиттүү чектик маселе изилденет. Сингулярдык козголгон маселелер илимдин ар түрдүү тармактарында көп кездешет. Мисалы. жука же ийилгич конструкциялардын (балка, пластинка) термелүүсүн изилдегенде, тез жана жай жүрүүчү процесстерди чагылдырууда, оптикада жана кванттык физикада кичи параметр ε толкундун узундугун же энергиясынын масштабын мүнөздөйт. Каралып жаткан эки чекиттүү сингулярдык козголгон чектик маселенин өзгөчөлүктөрү – козголуу деп аталуучу кичи парметрдин белгисиз изделүүчү функциянын туундусу белгиси астында катышып жаткандыгы жана каралып жаткан кесиндинин ичинде системанын эки теңдемеси өзгөчө чекиттерге ээ болушу. Бул эки өзгөчөлүк эки катмарды пайда кылат, биринчиси классикалык чек аралык катмарды, ал эми экинчиси – ички катмарды. Системанын чечими үч функциянын суммасынан турат, алар регулярдык тышкы чыгарылыш, кесиндинин учтарынын чеке белиндеги чек аралык катмарды мүнөздөөчү чыгарылыш жана кесиндинин ичиндеги өзгөчө чекиттердин чеке белиндеги ички катмарларды мүнөздөөчү чыгарылыш. Ар бир кошулуучу асимптотикалык катар көрүнүшүндө аныкталат. Макаланын максаты эки чекиттүү сингулярдык козголгон чектик маселенин [0,1] кесиндидеги чыгарылышынын бир калыптагы асимптотикалык ажыралмасын тургузуу.</jats:p>