Abstract
<jats:p>Изилдөөнүн максаты - Кыргызстанда кыргыз тилинде билим берген жалпы билим берүүчү мектептердин 5-класстары үчүн даярдалган кыргыз тили жана англис тили окуу китептериндеги тексттерде орун алган баалуулуктарды Шварцтын баалуулуктар системасынын алкагында талдоо болуп саналат. Бул контекстте кыргыз тили окуу китеби боюнча 159 текст жана англис тили окуу китеби боюнча 103 текст иргелип алынып, жалпысынан 262 текст талданган. Тексттердеги 10 баалуулуктун сапаттык белгилерин камтыган сүйлөмдөр тиешелүү баалуулук категорияларына киргизилип, ар бир баалуулуктун кездешүү жыштыгы тексттер боюнча өзүнчө эсептелген. Изилдөөнүн жыйынтыгында, кыргыз тили окуу китебинде камкордук жана универсализм баалуулуктары басымдуулук кылып, күч жана гедонизм баалуулуктары эӊ аз кездешкен баалуулуктар болуп табылган. Ал эми, англис тили окуу китебиндеги тексттерде камкордук баалуулугу эӊ көп туюндурулган баалуулук болуп табылып, күч баалуулугу эӊ аз кездешкен баалуулук болуп аныкталган. Изилдөөнүн соңунда эки окуу китеби мазмунунда камтылган баалуулуктар боюнча салыштырылып талкууланган.</jats:p>