Back to Search View Original Cite This Article

Abstract

<jats:p>Балдарды мекенчилдикке тарбиялоо салттык педагогикалык маданияттагы эң башкы баалуулуктардын бири катары  руханий мурастардын бардык  катмарларында учурайт. Бул макаланын максаты – кыргыздардын балдарды оюндар аркылуу жоокерликке, мекенчилдикке тарбиялоо  тажрыйбаларын  тарыхый –этнопедгогикалык өңүттө изилдөө. Изилдөөдө документ анализи методунун негизинде фольклордук, этнографиялык булактар талдоого алынды. Изилдөөнүн натыйжалары салттуу оюндарда кыргыздардын балдарды мекенчилдикке тарбиялоо боюнча муундан муунга өткөрүп келе жаткан түптүү баалуулуктары, тажрыйбалары чагылдырылгандыгын көрсөттү. Балдарды оюдары аркылуу мекенди коргоого руханий жана физикалык жактан даярдоо иши эң эле эрте жаштан башталып, эрезеге жеткенге чейин үзгүлтүксүз уланып келген. Чоң адамдар тарабынан согуштук техникаларды камтыган көптөгөн салттык оюндардын көпчүлүгүнүн балдар өз чөйрөсүнө ылайык туурап өнүктүрүшкөн.   </jats:p>

Show More

Keywords

мекенчилдикке Балдарды тарбиялоо салттык эң

Related Articles

PORE

About

Connect