Abstract
<jats:p>Ассонанс үндүү тыбыш менен байланышкан көрүнүш жана ал ыр саптарынын, прозалык чыгармаларда сүйлөмдөрдүн башында келип, ырга, же текстке өзгөчө музыкалуулук берет жана башка тилдик каражаттар менен айкашта туруп, поэтикалык, же прозалык чыгармалардын образдуулугун, эмоционалдык-эстетикалык деңгээлин, таасирдүүлүгүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул фонетикалык кубулуштар айрыкча «Манас» эпосунда өтө жыш, орошон колдонулуп, манасчынын жөндөмдүүлүгүн, талант чеберчилигин аныктоочу, сыпаттоочу көрүнүш катары да бааланат. Эпосто ассонанс колдонулбаган учурду жолуктура албайбыз. Анткени, эпос тилинде тыбыштарды кайталап колдонуу мүнөздүү көрүнүштөрдөн. Мындай шартта, көркөм тексттик мазмундун түшүнүктүүлүгү, жеткиликтүүлүгү, таасирдүүлүгү, айтканга жеңилдиги, эске сактап калууга ыңгайлуулугу артат. Аллитерация, ассонанс кубулуштарынын жалпы эле фоностилистикалык каражаттардын биримдүүлүк процессинин жүрүшү табигый көрүнүштүн картинасын тартуулайт. Эпос тилиндеги тыбыштардын кайталанышын поэтикалык салт катары баалайбыз. Өзгөчө С. Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпостун кичине эпизоддорунан тартып, ири көлөмдүү окуялардын сүрөттөлүшүндө тилдик каражаттардын колдонулуш ыкмалары ар түрдүүлүктү жаратып турат Мындай поэтикалык ыкмалардын ичинде аллитерация, ассонанс кубулушундагы тыбыштык кайталоолор, үндөшүүлөр, окшошуулар, лексикалык кайталоолор, алардын байма-бай учурашы, морфологиялык бирдей түзүлүштөр, синтаксистик параллелизмдер камтылган. Буларды илимий теориялык негизде аныктап чыгуу актуалдуу маселелерден болуп саналат. Ошондуктан, макалада С.Орозбаковдун айтуусундагы «Манас» эпосунун материалдарынын негизинде ассонанс кубулушу жөнүндө сөз болуп, териштирүү жүргүзүлдү.</jats:p>