Back to Search View Original Cite This Article

Abstract

<jats:p>Макалада кичи параметрди туунду белгиси астында кармаган биринчи тартиптеги сызыктуу, бир тектүү эмес кадимки дифференциалдык теңдеме үчүн баштапкы маселе изилденет. Мындай маселелер физиканын, техниканын, биологиянын, химиянын ж.б. илимдердин тармактарында кездешет. Изилденип жаткан Кошинин маселесинин өзгөчөлүктөрү – кичи параметрдин белгисиз изделүүчү функциянын туундусу белгиси астында катышып жаткандыгы жана каралып жаткан аралыктын ичинде өзгөчө чекитке ээ болушу. Бул эки өзгөчөлүк эки катмарды пайда кылат, биринчиси классикалык чек аралык катмарды, ал эми экинчиси – ички катмарды. Ошондуктан чыгарылыш үч функциянын суммасынан турат: регулярдык тышкы чыгарылыш, баштапкы чекиттин чеке белиндеги чек аралык катмарды мүнөздөөчү чыгарылыш жана өзгөчө чекиттин чеке белиндеги ички катмарды мүнөздөөчү чыгарылыш. Биздин максат каралып жаткан кесиндиде коюлган бисингулярдык козголгон Коши маселенинин чыгарылышынын бир калыптагы асимптотикалык ажыралмасын тургузуу. Макалада бисингулярдык козголгон маселелердин чыгарылыштарынын асимптотикалык ажыралмаларын тургузуу үчүн жаңы алгоритм сунушталууда. Конкреттүү мисал келтирилген жана Maple системасында тургузулган сандык чыгарылыш менен салыштырылган.</jats:p>

Show More

Keywords

катмарды чыгарылыш жаткан жана Макалада

Related Articles

PORE

About

Connect