Deprecated: Function curl_close() is deprecated since 8.5, as it has no effect since PHP 8.0 in /home/u483256323/domains/poorvam.com/public_html/subdomains/pore/includes/api.php on line 184
Back to Search View Original Cite This Article

Abstract

<jats:p xml:lang="ky">Бул изилдөө мамлекетбиздин жалпы билим берүү мектептеринин 5-классынын Кыргыз тили окуу китебиндеги тексттердин мазмунун Шварцтын баалуулуктар методикасынын негизинде талдоого арналган. Изилдөөнүн максаты – китепте орун алган баалуулуктардын категорияларын аныктоо, классификациялоо жана алардын жыштыгын чыгарып, окуучуларга тийгизген таасирин баалоо. Изилдөөдө документ анализи жана контент анализи ыкмалары колдонулуп, китептеги 72 текст изилдөөгө алынган. Натыйжада эң көп кездешкен баалуулуктар «камкордук», «универсализм», «жетишкендик», «өз алдынчалык» жана «каада-салт» компоненттери болгон. Ал эми «күч», «шыктануу» жана «гедонизм» баалуулук компоненттери эң аз кездешкен. Жалпы эсеп боюнча «өзүн багыштоо» (37%) жана «консерватизм» (25%) метакатегориялары басымдуулук кылган. Жыйынтыктар окуу китебинин мазмунунда улуттук баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу максаттары күчтүү экенин, бирок универсалдык жана инновациялык баалуулуктарга азыраак орун берилгенин көрсөткөн. Бул табылгалар кыргыз мектептериндеги тил окутуу процессинде балдардын дүйнө таанымын, улуттук иденттүүлүгүн жана руханий өнүгүүсүн калыптандырууда окуу китептеринин маанисин айгинелейт.</jats:p>

Show More

Keywords

жана окуу Бул баалуулуктар орун

Related Articles


Deprecated: Function curl_close() is deprecated since 8.5, as it has no effect since PHP 8.0 in /home/u483256323/domains/poorvam.com/public_html/subdomains/pore/includes/api.php on line 76
PORE

About

Connect