Abstract
<jats:p xml:lang="ky">Дүйнөдөгү тилдер морфологиялык классификация боюнча төрткө бөлүнөт: агглютинативдүү (жалганма), аморфтук (уңгучул), флективдүү (кубулма) жана инкорпоративдик (сөз-сүйлөм). Бул классификациянын шарттуу экендигин бир топ окумуштуулар белгилешет. Анткени, белгилүү бир топтогу тилдерге мүнөздүү болгон тилдик бирдиктер башка топтогу тилдерде да кездешүүсү толук мүмкүн. Мисалы, кыргыз тили агглютинативдүү тилдердин тобуна кирсе да, флективдүү, аморфтук тилдерге таандык өзгөчөлүктөрдү табууга болот. Же болбосо флективдүү тилдерден агглютинативдүү тилдерге таандык өзгөчөлүктөрдү да кездештирүү мүмкүн. Бул макалада сыпаттоо, анализ жана синтез, классификация, салыштырма-типологиялык ж.б. методдордун жардамы менен, негизинен, флективдүү тилдерге мүнөздүү болгон фузия кубулушу кыргыз жана түрк тилинде да айрым сөздөрдө кездешери аныкталды. Мисалы, кыргыз тилинен сүйлө (сөз+ла=сүйлө), ойно (оюн+ла=ойно), чаап (чап+ып=чаап) ж.б. сөздөрдү мисал келтирүүгө болот. Түрк тилинде да ушул сыяктуу эле мисалдарды табуу мүмкүн: söz+la=söyle, dinle+yor=dinliyor, benze+a=benze ж.б. Фузия кубулушу кыргыз жана түрк тили үчүн мүнөздүү кубулуш болбосо дагы, анын айрым көрүнүштөрү бар экендигин белгилөөгө болот.</jats:p>